Сузактагы жол кырсыктан ымыркай жабыркап, энеси каза тапты

Алдын ала маалыматтар боюнча, Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жол кырсыгы катталып, үч адамдын өмүрү кыйылганын облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кырсык 1-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Бишкек — Ош жолунда болгон.
"Daewoo Matiz үлгүсүндөгү автоунаа каршы тилкеге чыгып, Honda Civic унаасы менен кагышкан. Анын кесепетинен Honda Civic автоунаасын башкарып бара жаткан аял, анын жанында келе жаткан апасы каза болгон. Мындан тышкары, Daewoo Matiz унаасындагы бир жүргүнчү көз жумган", — деп айтылат маалыматта.
Ушул эле жол кырсыгынан дагы үч адам жабыркап, ооруканага жеткирилгени кошумчаланды. Дарыгерлердин жалпы практикалык борборунун райондук бөлүмү Sputnik Кыргызстан агенттигине жабыркагандардын арасында төрт айлык наристе болгонун айтып, энеси кырсыктан каза болгонун кабарлашты. Ымыркай жеңил жаракат алып, ооруканадан чыгарылган.
Балыкчыда унаанын ичиндеги фейерверктер жарылып, бир адам каза болду. Видео