БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Бишкектеги “Учкун” ААКсынын ишмердүүлүгү менен таанышып келгенин анын маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчыга ишканада окуу китептери, гезит-журнал менен паспорт кандай шартта чыгарылып жаткандыгы көргөзүлдү.
Жапаров бүгүнкү күндө “Учкун” бардык керектүү техника менен жабдылганын жана мамлекеттик маанидеги документтерди, анын ичинде паспортторду өз алдынча чыгара аларын айткан.
Президент ошондой эле көп жылдар бою тамырлаган паспорттук мафияны жеңүү үчүн мамлекет эки жылдан бери иштеп жатканын белгиледи.
“30 жылдан бери паспорттон акча жеген мафия “Кыргызстан чыгара албайт, болбойт, жомок айтып жатат” деп жүргөн. Мына, жомокту реалдуулукка айлантып койдук”, — деди өлкө башчы.
Ал паспорттук мафия өлкөгө миллиардаган сомдук зыян алып келгенин, документти жасалмалоодо коррупциянын масштабы абдан чоң болгонун жана улуттук коопсуздукка шек келтиргенин кошумчалады.