Нарын менен Ысык-Көлдүн картошкасы Ташкентке экспорттоло баштады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Нарын менен Ысык-Көл облусунда өстүрүлгөн картошка Өзбекстанга экспорттоло баштаганын Кыргызстандын аталган өлкөдөгү соода өкүлчүлүгү кабарлады.
Өкүлчүлүктүн башчысы Алмаз Темирбековдун айтымында, картошка жүктөгөн алгачкы фуралар Ташкент шаарына жетти.
Жалпысынан 1000 тонна картошка жөнөтүү макулдашылган.
Эске салсак, буга чейин Экономика министрлиги эки облуста өстүрүлгөн картошка коңшу мамлекетке экспертизадан өткөн соң экспорттоло баштаарын билдирген.
Кыргызстан тогуз ай ичинде дээрлик 10 тонна алтын экспорттоду