Молдовалык инвесторлор Ысык-Көлгө чычырканак багын эгишти. Сүрөт

Ысык-Көл облусунун башчысы чычырканак багы экономикага гана эмес, аймактын экологиясына дагы оң таасир этерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Молдовадан келген агрономдор Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 25 гектар жерге чычырканак эгишти. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Молдовадан келген агрономдор Ысык-Көл облусунун Түп районундагы 25 гектар жерге чычырканак эгишти.

2 / 2

Долбоордун баасы 250 миң долларга жакын каражатты түздү.

Долбоордун баасы 250 миң долларга жакын каражатты түздү.
"Питомникте тамчылатып сугаруу системасы колдонулууда. Бул чычырканактын арык, кумдуу жерде деле өсүшүнө шарт түзөт. Инвесторлор чычырканакты дагы бир 25 гектарлык жерге эгүүнү пландап жатышат. Өсүмдүк витамини көп жемиштердин катарына кирет", — деди өкүлчүлүктөн.
Ысык-Көл облусунун башчысы чычырканак багы экономикага гана эмес, аймактын экологиясына дагы оң таасир этерин белгиледи.
10 миң гектар кунарсыз жайытты жакшыртууга Россиядан алынган үрөн себилди