Кыргызстанда Гонконг сасык тумоосу катталды. Дарыгерлердин эскертүүсү

Медиктердин айтымында, борбор калаада эпидемиологиялык абал туруктуу.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстанда Гонконг сасык тумоосу (A H3N2) катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Маалыматта канча киши ооруганы айтылган эмес, бирок алар Ош шаарында катталганы белгилүү болду.
Ал эми Бишкек шаарында эпидемиологиялык абал туруктуу экендиги белгиленген. Борбор калаадагы дарыгерлер парагрипп I-IV, бокавирус, РС вирусу, сезондук коронавирус, аденовирус жана метапневмовирусту катташууда.
Дарыгерлер элди ден соолугуна кам көрүүгө жана гигиеналык эрежелерди сактоого чакырат. Ошондой эле ооруп калган учурда коомдук жайларга баруудан, балдарды бала бакча же мектепте жиберүүдөн баш тартуу керектигин эскертет.
Гонконг сасык тумоосу тез өрчүйт. Анын очогу биринчи жолу 1960-жылдардын аягында Гонконг шаарында катталган.
Психикалык жактан эркектер көбүрөөк жабыркайт. Өлкөдөгү абал боюнча маек