Кыргызстандын желегин өзгөртүү

Депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деп тилейли. Касмамбетов туу тууралуу үн катты

Ал өзү, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев да өлкө жаңыланып, жанданып жатканда жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болушканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов желекти өзгөртүү боюнча социалдык тармак аркылуу пикирин билдирген.
"Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев элине чексиз берилген, мекенчил инсан. Айрыкча, улуттук нарк-насил, тил, дил жаатында нар көтөргүс иш алып барууда. Тажрыйбасы көп дасыккан жетекчи. Ак ниети, изги тилеги менен депутат Улан Примов экөө биргелешип мыйзам долбоорун демилгелешти", — деген Касмамбетов.
Ал Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев болуп өлкө жаңыланып, жанданып жатканда жаңыртылган желегибиз болсо деген ниетте болушканын айтты.
"Арийне, коомдо кызуу талкуу жүрүүдө... Азыркы биздин туубуз эгемен элдин жүрөгүнөн терең орун алып, боор эт менен бир болуп, жан дүйнөгө бүлүк салганы коомдук талкууда байкалууда. Эл шайлаган Жогорку Кеңештин депутаттары элдин мүдөөсүн эске алуу менен иш алып барат деген тилекте бололу. Кандай кырдаал болсо дагы бири-бирибизге этият мамиле кылып, сабырдуулукту көрсөтөлү", — деди мамкатчы.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Нурлан Шакиев менен депутат Улан Примов желектин ичиндеги айрым белгилерди өзгөртүүнү сунуштап, парламент мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да желекти өзгөртүүнү колдой турганын билдиришкен.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Садыр Жапаров Кыргызстандын желегин өзгөртүү идеясын колдоду