Коомдун өнүгүшүнө, бакубаттуулугуна өз салымын кошо ала турган жигердүү жана жоопкерчиликтүү жаштарды бириктирүү максатында жаштар кыймылы түзүлөт. Бул тууралуу Азамат Адамалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган кыймыл жаштардын кызыкчылыгында мамлекеттик саясатты жүргүзүү, тарбиялоо, кесиптик багыт берүү, ар тараптуу өнүгүүсүнө баарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү, салттуу, руханий жана адеп-ахлактык баалуулуктардын негизинде алардын дүйнө таанымын калыптандырып, толук кандуу жашоого даярдоо максатын көздөйт.
"2023-жылы 4-августта президент "Жаштар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койгон. Мыйзамдын максаты жаштар саясатын калыптандыруу механизмдерин аныктоо, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөсүнө тартуу болуп саналат. Мыйзамдын 22-беренесинде "жаштар кыймылы" деген түшүнүк киргизилген. Ага ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргыз Республикасынын жаштар кыймылы жөнүндө жобону иштеп чыкты. Жобо жаштар кыймылынын укуктук статусун, максаттарын, ишинин уюштуруучулук негиздерин, ошондой эле жаштар кыймылынын ишин түзүүнүн жана уюштуруунун тартибин белгилейт. Токтомдун долбоорунда жаштар кыймылы коммерциялык эмес уюм катары юридикалык жак болуп өз ишин жүргүзөрү белгиленген. Бул кыймыл жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик программаларды, концепцияларды жана башка стратегиялык документтерди аткаруу жана ишке ашыруу маселелери боюнча жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен иштешет", — деди Адамалиев.
Ал жаштар кыймылы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын талабы боюнча кыймылдын иши жөнүндө зарыл болгон маалыматтарды берүүгө милдеттүү экенин кошумчалады.