ДССУ: глобалдык жылуулуктун айынан 4 секунда сайын бирден адам каза болууда

Уюм алдыдагы 10 жылдыкта дүйнө климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен катталган түрдүү оорулардын жана өлүмдөрдүн күбөсү болорун билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Азыркы тапта жер жүзүндө 3,3 миллиарддан ашуун адам глобалдык жылуулуктун кесепетинен ден соолугунан ажырап жатат. Бул туурасында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) директорунун атайын өкүлү Венесса Керри билдиргенин РИА Новости жазды.
Ал Дубайда өтүп жаткан БУУнун климаттык конференциясынын Ден соолук күнүндө сүйлөгөн.
“ДССУнун баалоосу боюнча, дүйнөдөгү ар бир төртүнчү өлүм алдын алууга мүмкүн болгон экологиялык көйгөйлөр менен катталат. Климаттын өзгөрүшү мындай тобокелчиликтерди ансайын күчөтүүдө. Болтурбай коюу колдон келе турган экологиялык көйгөйдөн ар бир төрт секунд сайын бирден адам көз жумат. Бул COVID-19 пандемиясындагы жоготуулардан да көп. Мына, мен бул сүйлөмдү айтып бүткөнчө дагы бир адам көз жумат, мындай өлүмдөрдүн 61 пайызы күйүүчү майларды колдонууга байланыштуу”, — деди уюмдун өкүлү.
Анын айтымында, алдыдагы 10 жылдыкта дүйнө, тилекке каршы, климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепетинен катталган түрдүү оорулардын жана өлүмдөрдүн күбөсү болот.
“Биз күйүүчү майдан этап-этабы менен баш тартуудан башка жолубуз жок экенин моюнга алышыбыз керек. Жөнөкөй ыкмада зыяндуулугун азайтуу жана парник газдарынын чыгышын кыскартуу менен көйгөй чечилбейт. Негизгиси, бизде климат менен ден соолуктун өз ара байланышын баштапкы абалына кайтарууга (статус-кво) даярбызбы деген тандоо турат”, — деп кайрылды дүйнө коомчулугуна ДССУнун өкүлү.
ДССУ: дүйнөдө кызамыктан көз жумгандардын саны өстү