77 жыл мурун куралган "Москвич". Таанылгыс болуп өзгөргөн автоунаанын "тарыхы"

1946-жылы 4-декабрда эң алгачкы "Москвич-400" автоунаасы куралган. Дал ушул күндөн тарта легендарлуу темир тулпардын тарыхы башталат.
Sputnik
Жаңы машина немецтик Opel Kadett K38 автоунаасынын көчүрмөсү эле. Чет элдик машинанын 1937-жылы чыга баштаганын эске алсак, "Москвич" чыккыча бардык кемчилиги оңдолуп-түзөлүп калган. Мындай жагдай "Москвичти" тез арада чыгарууга жакшы шарт түзгөн.
Олжолонгон автомобилдерди, жабдуунун кайсы бир бөлүгүн, калган документацияны адистери менен кошуп Бранденбургдагы Opel автозаводунан 1945-жылдын жайында алып чыгышкан. Бул Сталиндин демилгеси эле.
Көлөмү 1,1 болгон кыймылдаткычы менен саатына 90 чакырым жол жүрүүгө мүмкүн болчу. 100 чакырымга 9 литрдей май ичкен.
Серия менен чыккан жылдары, башкача айтканда, 1947-жылдан 1956-жылга чейин 216 000 седан, 17 742 кабриолет жана 11 129 фургон пайдаланууга берилген.
Тема боюнча:
"Орус керемети": 50 жыл илгери "Жигули" чыккан