Укуктарын коргоо — башкы милдетибиз. Майыптар күнүнө карата Жапаровдун кайрылуусу

Кыргызстанда 211 650 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, алардын 37 миңден ашыгы – балдар.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Майыптардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.
Мамлекет башчы өлкөдө майыптыгы бар адамдардын укуктары чектелбестигин, аларга урмат-сый жана түшүнүү менен мамиле жасаларын белгиледи.
“Акылман элибиз каш-кабактын ортосундагы болуп кетүүчү кырсыкты болжоп болбойт деп, ошондой эле Жараткандын жазмышы деп тубаса дартты туура кабыл ала билген. Тагдырдын жазмышына кабылган мындай жарандарга жардамын аябай кол сунган жоомарт эл. Бул улуу нарк, нагыз тарбия тээ байыркы бабаларыбыздан бери келаткан өзгөчөлүк, каныбызга сиңген мүнөз”, — деди Жапаров.
Анын айтымында, бийлик майыптуулугу бар адамдар өлкөнүн толук кандуу жарандары деген аң-сезимди жайылтып келет.
“Мамлекет дагы майыптуулугу бар жарандарына ар тараптуу тиешелүү социалдык колдоолорду көрсөтүү аракетинде. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү мекендештердин муктаждыктарын канааттандырууну, алардын укугун коргоону эң башкы милдеттердин бири деп билет. Мындай жарандарыбыз темирдей бекем эрки менен алдыга умтулуп көптөгөн ийгиликтерди жаратып келе жатканы кубандырат. Албетте, бул адамдар – жалпы Кыргызстандын сыймыгы!” — деп жазылган президенттин кайрылуусунда.
Мамлекет башчы кыргызстандыктарды ден соолугуна кам көрүүгө чакырып, бөөдө кырсыктан сырткары болушун тиледи.
Кыргызстанда 211 650 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран болсо, алардын 37 миңден ашыгы – балдар.
Өлкөдө 211 миң майыптыгы бар адам жашайт. Мамлекет аларга кандай кам көрөт?