Адис туура тамактанууда капчыкка оордук келтирбеген азыктарды атады

Нутрициолог эгер моданын артынан сая түшпөсө капчыкка өтө оор келтирбей эле диета кармаса болорун белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Туура тамактануу дегенде көпчүлүгү кымбат азык-түлүктү элестетет, бирок алардын ордун баса турган арзан тамак-аштар деле бар. Бул туурасында "Новабиом" компаниясынын нутрициологу Дарья Русанова билдиргенин “Прайм” агенттиги жазды.
Анын айтымында, кымбат баалуу форель жана семганын ордуна кета балыгын колдонсо эреже, тартип бузулбайт деле. Туура тамактануунун балансын сактоо үчүн кызыл балыкты эле эмес, омега-3 витаминине бай сельд, мойва, скумбрия жесе да болот.
Ал эми деңиз азыктарынан креветканы, мидияларды, осьминогду жана омарды кадимки кальмар менен алмаштырса эч нерсе деле өзгөрбөйт. Эгер сизде йод жетишсиз болуп жатса, деңиз капустасы эң жакшы вариант.
“Уйдун эти кымбаттап жатканда башка майлуу эмес эттерди тандаңыз. Тагыраагы, тооктун, үндүктүн эти, чочконун майы жок сулп эти ошол эле милдеттерди так аткара алат”, — деген адис.
Спаржанын ордуна сабиз, шалгам жана кызылча жесеңиз пайдасы ошондой эле болорун кошумчалаган. Авокадонун ордун зайтун, күн карама, зире, зыгыр майы толуктай алат.
Нутрициолог эгер моданын артынан сая түшпөсө капчыкка өтө оор келтирбей эле туура тамактанса болорун белгилеген. Анткени жер жаңгак, ашкабак менен күн караманын даны баасы жогору турган жаңгактардай эле азык болот деп эсептейт. Ошондой эле сулу, акшак, таруу жана гречка менен мода болуп жаткан башка айыл чарба өсүмдүктөрүнүн уругунун пайдасы бирдей экенин айткан.
Иммунолог баланы грипптен кантип сактоонун жолдорун айтып берди