Жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында мончолорго жана сауналарга 198 рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу Медер Амангелдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында 41 протокол түзүлүп, Эреже бузуулар жөнүндө кодекске ылайык, жалпы суммасы 478 миң сомдук айып салынган.
"Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык ишканасы тыюу салынган буюмдардын күйүп жатканын аныктоо үчүн мончолорду жана сауналарды текшерип келет. 2021-жылы – 41, 2022-жылы 64 рейддик иш-чара жүргүзүлгөн. Ал эми быйыл жыл башынан бери жалпы 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында 41 протокол түзүлүп мыйзам бузгандарга карата жалпы суммасы 478 миң сомдук айып пул салынды. Бул жылы жай мезгилинде да мончо жана сауналарды текшерүү иштери токтогон жок. Рейддин жүрүшүндө тигүү калдыктарын, резина жана пластикалык буюмдарды жагып мыйзам бузган фактылар аныкталды. Биз бир гана текшерип койбостон, аларга зыяндуу заттарды жагуунун кандай терс жактары бар экенин түшүндүргөн баракчаларды таратып жатабыз. Шаар боюнча жалпы 346 мончо, сауна бар. Алардын 234ү көмүр менен, ал эми 40ы газ менен иштейт. Биздин сунуштун негизинде дагы 20 мончо газга өттү", — деди Амангелдиев.
Ал текшерүү жана түшүндүрүү иштери улантыла берерин кошумчалады.