БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Мэрия бишкектиктерди ичүүчү сууну сарамжалдуу пайдаланууга чакырууда.
"Бишкек суу канал" ишканасы шаардыктарды таза сууну колдонууда үнөмдөөнү жана жоопкерчиликтүү болууну эскерткенин муниципалитеттен билдиришти.
“Ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу кызматтары үчүн акыны өз убагында төгүү маанилүү экенин эсиңиздерге салабыз. Сууну үзгүлтүксүз, убагында алып туруш үчүн белгиленген мөөнөттө тиешелүү каражатты төлөөнү суранабыз”, — деп айтылат кайрылууда.
Ишкана сууну керектөөнү натыйжалуу эсепке алуу үчүн ар бир айдын жыйырмасынан кийин үйлөргө коюлган эсептөө приборлорунун көрсөткүчтөрүн берип туруу керектигин дагы бир ирет эске салды.
"Карызы барларды “Бишкек суу канал" ишканасына кечиктирбей төлөө зарылдыгын эскертебиз. Акчасын бир жылдан ашык төкпөй жүргөн абоненттер сотко берилиши мүмкүн”, — деп эскертишкен мэриядан.