Кыргызстандын көмүрдү сырттан алуусу эки эсеге азайды

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстанда көмүрдүн импорту эки эсеге түшкөнүн Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
Быйылкы январь-сентябр айларында 469,5 миң тонна көмүр ташылып келген.
Анын ичинен:
кадимки көмүр — 459,4 миң тонна (былтыркы жылдын ушул маалында 821,5 миң т);
күрөң көмүр — 10,1 миң тонна (былтыркы жылдын ушул маалына караганда 2,6 миң т көбүрөөк).
Импорттун көлөмүнүн түшүп кетишинин так себеби көрсөтүлгөн эмес. Эске салсак, өлкөгө көмүр негизинен коңшу Казакстандан келет.
Бишкекте көмүр канчадан сатылып жатканы айтылды