Иске ууланбоо үчүн кандай эрежелерди сактоо керек? ӨКМдин эскертүүсү

Уулануунун белгилери: баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл болот, кусат, эстен тануу. Андан да кооптуусу өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 3-дек.— Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги иске уулануу өмүргө өтө кооптуу экенин эскертти. Мекеме кырсыктын алдын алуу жолдору менен бөлүшкөн.
ӨКМдин билдирмесине ылайык, уулуу көмүртек кычкылынын (ис) түсү жана жыты жок. Ага адам бат эле ууланып калат жана кырсык түрдүү кырдаалда болушу мүмкүн.
"Адамдар автоунаадан чыккан газга, турмуш-тиричилик газ буюмдарынын эскиргендигинен улам чыккан газга, мордун туура эмес түзүлүшүнөн чыккан иске ууланышы мүмкүн. Мындан тышкары, өрттөн чыккан иске да уулангандар болот. Уулануунун негизги себеби – мешке от жагуу эрежелеринин бузулушу, анын эшиги жакшы жабылбай калгандыгы, от жагуучу жайда абанын жетишсиздиги, мордун туура эмес иштеши жана башка жагдайлар. Адамдын организмине кирген көмүртек кычкылынын көлөмүнө жараша уулануунун белгилери бири-биринен кескин айырмаланат", — деп айтылат ӨКМдин түшүндүрмөсүндө.
Уулануунун белгилери: баш ооруйт, кулак чуулдап, көз караңгылайт, кургак жөтөл болот, кусуу, эстен тануу. Андан да кооптуусу өлүмгө алып келиши мүмкүн.
Иске ууланган адамга жардам көрсөтүү эрежелери:
аны таза абага алып чыгуу же кычкылтектүү бет капты колдонуу;
бөлмөлөрдү желдетүү, терезе-эшиктерди ачуу;
жабырлануучунун дем алуу жолдорун бошотуу (галстугун, кийимин чечүү), адамды капталынан жаткыруу;
ууланган адам эсин жоготпосо таза абага тез арада чыгаруу, нашатырь спиртин жыттатуу, кыска мөөнөттүү ингаляцияны камсыз кылуу;
жабырлануучу эс-учун жоготсо Тез жардам кызматы келгенге чейин дароо жасалма дем алдыруу керек.
Кафенин ичинен фейерверк аттырбагыла! Тойкана ээлерине эскертүү берилди