“Ала-Тоо” аянтына жаңы жылдык башкы балаты орнотула баштады. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында башкы балаты орнотулуп жатат.
Sputnik Кыргызстан жаңы жылдык символиканын бутактарын тагып, шаардыктарга майрамдык маанай тартуулаганга киришкен муниципалдык ишкананын кызматкерлерин видеого тартып келди.
Балатынын бийиктиги — 25, диаметри — 12 метр.
Анткен менен борбор калаада күн жылуу. Синоптиктер кыштын алгачкы айынын үчүнчү күнү (3-декабрда) абанын температурасы +16...+18 градуска жетерин билдирген.
Калаа мэриясы быйыл жаңы жылдык салют атылбай турганын билдирген. Экологиялык себептерден улам Жаратылыш министрлигинин салюттан баш тартууну сунушу жактырылган.
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Эмгек министрлигинин сунушу