БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. АКШнын аскерлери Индия-Тынч океан аймагына 2024-жылы Кытайдын таасирин оозуктоо үчүн орто алыстыкка учатурган ракеталарды жайгаштырууга кам урууда. Бул тууралуу Nikkei Asia басылмасына таянып РИА Новости билдирди.
“АКШнын аскердик күчтөрү Индия-Тынч океан аймагына 2024-жылы орто алыстыкка уча турган ракеталарды жайгаштырууга камынып жатат. Бул кансыз согуш аяктагандан бери биринчи ирет алжакта түзүлө турган арсенал болмокчу. Nikkei басылмасына мындай кадам Кытайдын таасирин токтотуу үчүн жасалып жатканын АКШнын өкүлү билдирди”, — деп жазды агенттик.
Тынч океан армиясынын өкүлү Роб Филлипстин айтымына караганда, Standard-6 (SM-6) ракетасынын жердеги варианты жана Tomahawk канаттуу ракетасын орнотуу каралып жатат. Армиянын өкүлү бирок америкалык бул техникалар качан кайсыл жерден орун алары тууралуу так айткан эмес.
Пекин менен Вашингтондун мамилеси Дональд Трамптын учурунда “соода согушунан” улам суук-селки боло баштаган. Жозеф Байдендин келиши менен алака жакшырып кеткен жок, тирешүү, тескерисинче, тереңдеди. Ал кезде Өкүлдөр палатасын жетектеген Нэнси Пелоси жана кытайлык аэростаттын АКШда кылган окуясы дипломатиялык бойкотко алып келди. Катардагы тармактарда эле эмес, коргонуу ведомстволорунда да пикир келишпестик жаралды.