БИШКЕК, 2-дек.— Sputnik. Европа өлкөлөрү өз кызыкчылыгын көздөшөт, ошондуктан Украина үчүн курал өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтө албайт. Бул тууралуу НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг айтканын РИА Новости агенттиги жазды.
"Анчалык тыгыз иштеше турган абалда эмеспиз. Бул ири чыгымды шарттап, өндүрүштү кеңейтүүнү татаалдаштырат", — деген ал.
Столтенберг Европанын коргонуу өнөр жайындагы чаржайыттык көйгөйүн чечүүгө чакырды. Ал жакшыртуу зарыл болгон жагдайлардын бири деп Украина Куралдуу күчтөрүндөгү ок-дары, курал-жарактардын жетишсиздигин атады.
Буга чейин Европа биримдигине кирген өлкөлөрдүн ТИМ башчылары жана Коргоо министрлигинин жетекчилери 2024-жылдын март айына чейин Украинага миллион даана ок-дары жеткирүүнү камтыган планды саясий деңгээлде макулдашкан. Анткен менен ноябрь айынын башында жогорку кызматтагы европалык өздүк булак журналисттерге ЕБ өлкөлөрү ушул тапта Украинанын Куралдуу күчтөрүнө болгону 300 миң снаряд жөнөтө алганын билдирген. Германиянын коргоо министри Борис Писториус дагы Европа биримдиги Киевге убадалаган убакытта айтканын аткара албай турганын моюндаган.