Министр: мугалимдердин окутуу ыкмасын жакшыртуу үчүн инновациялык борбор түзүлөт

Кендирбаева министрликтин алдыда ишке аша турчу пландары менен бөлүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда мугалимдерге жардам берип, билим берүү сапатын жакшыртуу боюнча инновациялык-технологиялык борбор түзүп жатабыз. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева парламентте билдирген.
Министрдин айтымында, өлкөдө мугалимдер окутуу ыкмасы боюнча башкалардан артта калууда.
"Россиянын Билим берүү министрлиги менен эки ирет кезиктик. Алар менен бирге алдыда билим берүү жаатында чоң жарманке өткөрүү пландалып жатат. Иш-чаранын алкагында россиялык адистер келип бала бакча, мектептерди өнүктүрүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшмөкчү", — деген министр.
Ал өлкөдө "Электрондук мектеп" ачыларын айтып, бала ден соолугуна байланыштуу мектепке бара албаса же алыста жүрсө "Электрондук мектепти" пайдалана аларын кошумчалады.
Бир класста 55 окуучу. Министр көйгөйдү чечүүнүн жолун айтты