Ташиев менен Ятимовдун жолугушуусу. Эки тарап олуттуу чечим кабыл алды

Алар Ворух — Ходжаи-Аало анклавы жана Төрт-Көчө аймагы боюнча бирдиктүү чечимге келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселелери боюнча бир катар принципиалдуу чечимдерди кабыл алышты. Бул тууралуу Кыргызстандын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптеши менен жолугушуудан соң билдирди.
Алар кечээ, 1-декабрда, Согду облусунун Бустон шаарында жолуккан.
"Мен бардык чечимдерге келүүгө аз калды деп ойлойм", — деп Ташиев кийинки сүйлөшүүлөр Баткен облусунда өтө тургандыгын белгиледи.
Тажикстандын УКМК төрагасы Саймумин Ятимов кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух — Ходжаи-Аало анклавын колдонуу боюнча тараптар бир чечимге келишкенин айтты.
"Негизги эки көйгөй боюнча принципиалдуу чечимге келдик. Биринчиси Ворух — Ходжаи-Аало жолуна тиешелүү, бул боюнча маселе чечилди деп эсептейбиз. Экинчи маселе — мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо. Бул Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулган Тажикстандын аймагында жайгашкан объектилер. Ошондой эле Тажикстан Республикасы тарабынан колдонулган Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан объектилер. Бул жагдайда да принципиалдуу чечимге жетиштик", — деди ал.
Ятимов тараптар өздөрү колдонуп жүргөн объектилерге туруктуу, үзгүлтүксүз кире алышарын, ал эми ар бир объект жайгашкан жер кайсы өлкөнүн аймагында жайгашса ошол бойдон каларын сүйлөшкөнүн айткан. Мындан тышкары, Төрт–Көчө аймагы да ушундай принцип менен колдонуларын белгилеген.
ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара боюнча прогрессин кубаттайт