"Кыргыз темир жолу" 30 жылдан бери биринчи жолу автопаркын жаңылады

Ишкана оңдоону талап кылган жана коопсуздук талаптарына жооп бербеген унааларды пайдаланып келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 17 жаңы унаа сатып алганын маалымдады.
Билдирмеге ылайык, ишкананын директору Азамат Сакиев бөлүм жетекчилерине жаңы кызматтык автоунаалардын ачкычтарын тапшырган.
1 / 4

"Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишканасы 17 жаңы унаа сатып алганын маалымдады

2 / 4

Ишкананын директору Азамат Сакиев бөлүм жетекчилерине жаңы кызматтык автоунаалардын ачкычтарын тапшырган.

3 / 4

Компаниянын автопаркы 30 жылдан бери жаңыланбай, дайыма оңдоону талап кылган жана коопсуздук талаптарына жооп бербеген унаалар пайдаланылган.

4 / 4

Ошондой эле ишканадан жаңы унааларды сатып алуу чыгымдарды оптималдаштырууга, жалпы натыйжалуулукту жогорулатууга жана ишкананын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга шарт түзө турганын кошумчалады.

"Компаниянын автопаркы 30 жылдан бери жаңыланбай, дайыма оңдоону талап кылган жана коопсуздук талаптарына жооп бербеген унаалар пайдаланылган. Узак убакыт бою ишкана унаа оңдотууга көп чыгым жумшап, эскирген автопаркты кармап туруу үчүн күйүүчү май көп керектелип келген", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ишканадан жаңы унааларды сатып алуу чыгымдарды оптималдаштырууга, жалпы натыйжалуулукту жогорулатууга жана ишкананын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга шарт түзө турганын кошумчалады.
Бишкек — Каракол темир жолун куруп, тез жүрүүчү поезд жүргүзүү пландалууда