Баткендин Үч-Коргон айыл аймагында жаңы оорукана курулду. Сүрөт

Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
1 / 3

Кадамжай районундагы Үч-Коргон айыл аймагында жалпы дарыгерлер практикалык борборунун жаңы имараты курулду

2 / 3

Маалыматка ылайык, аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат

3 / 3

Алар учурда эскилиги жеткен имаратта иштеп жаткан

Маалыматка ылайык, аталган ооруканага үй-бүлөлүк дарыгерлер, балдар бөлүмү жана балдар реанимациясы жайгаштырылат. Алар учурда эскилиги жеткен имаратта иштеп жаткан.
Курулушка керектелген 58 миллион сом республикалык бюджеттен каржыланды.
Облус башчынын орун басары Жаныбек Исаков курулуш иштеринен кабар алып барып, оорукана пайдаланууга берүүгө дээрлик даяр болуп калганына күбө болгон.
Ноокенде миң адам иштей турган текстиль фабрикасы курулмакчы