Базардагы митингдер. Садыр Жапаров комиссия түзүп, текшерте баштады

"Соодам 8 миллиондон ашпайт" деген ишкерлердин соодасы 50дөн 100 миллионго чейин жеткен фактылар аныкталганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек.— Sputnik. Садыр Жапаров базарлардагы нааразычылыктар боюнча жумушчу комиссия түзүп, текшерүү жиберди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
"Министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда отурган соодагерлердин талабы туурабы, комиссия ишинин жыйынтыгы менен белгилүү болот. Буга чейин мамлекет башчы "бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт" деген. Бул соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар "бутуна туруп кетсин" деген саясат болчу", — деп жазылган маалымат катчы бөлүшкөн билдирмеде.
Алагөзөв ККМ колдонуу талабынын коюлуп жаткан себебин да түшүндүргөн.
"Азыр эми "менин соодам 8 миллиондон ашпайт" деген ишкерлердин соодасы 50дөн 100 миллионго чейин жеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз", — деп жазылат билдирмеде.
Эске салсак, базардагы соодагерлердин митинги 29-ноябрда башталган. Алгач Оштогу "Кара-Суу" базарында иштегендер райондук администрациянын алдына чогулуп ККМ колдонууга каршы экендигин айтышкан. Эртеси, 30-ноябрда, "Дордой", "Мадина", "Орто-Сай" базарындагылар чогулуп патентти калтырууну талап кылышкан. Мындай митингдер 1-декабрда да уланган.
ККМ колдонушпайт. Митингге чыккан "Кара-Суу" базарынын соодагерлери тарады