Базар-Коргондогу айылда 225 орундуу жаңы мектеп ачылды. Сүрөт

Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек.— Sputnik. Базар-Коргон районуна караштуу Бешик-Жоон айыл аймагынын Жоон айылында Сооронбаев атындагы № 42 мектептин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу Билим берүү жан илим министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, жаңы салынган имарат 225 орунга ылайыкташкан.
"Билим берүү жайында бардык шарттар каралган. Класстык кабинеттерден сырткары чет тили, биология, физика, химия бөлмөлөрү жана атайын лабораториялар бар. Концерттик зал, китепкана, ашкана, дарыгердин бөлмөсү, кол эмгек кабинеттери, спорт зал, душ кабиналары иштейт", — деп айтылат кабарда.
Мектептин курулушу 2018-жылы мамлекеттик бюджеттин эсебинен башталган. Жалпы аянты 1655,9 чарчы метрди түзөт.
Баткендин Үч-Коргон айыл аймагында жаңы оорукана курулду. Сүрөт