Радио

Бекмаганбетова: мамлекет аялдар ишкерлигин колдоосун күчөтүшү керек

JIA бизнес-ассоциациясынын айым ишкерлер комитетинин төрайымы Шарбат Бекмаганбетова аялдар көбүнесе чакан жана орто бизнес менен алек болорун айтты.
Sputnik
Аялдар ишкердигин илгерилетүүдө мамлекеттин колдоосун күчөтүү керек. Маалыматтын жеткиликтүүлүгүн, бизнес жүргүзүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү билимин жогорулатууга байланышкан аспектилерди да эске алуу зарылдыгын Шарбат Бекмаганбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ишкер аялдар үчүн жеңилдетилген каржылоо программасын киргизүү багытында алгылыктуу иштер каралышы учур талабы болуп турат.
"Акыркы учурларда ишкердик кылган аялдардын саны өсүп жатат. Маселен, JIA бизнес-ассоциациясынын резиденттеринин саны 1400дү түзсө, анын 30 пайыздан ашыгы айым ишкерлер. Аялдар көбүнесе чакан жана орто бизнес менен алек болушат. Ал эми чакан жана орто ишкердик Кыргызстандын экономикасынын негизги локомотиви. Демек, аялдар ишкердигин илгерилетүүдө мамлекеттин колдоосун күчөтүп, маалыматтын жеткиликтүүлүгүн, бизнес жүргүзүүдөгү жана өнүктүрүүдөгү билимин жогорулатууга байланышкан аспектилерди да эске алып, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун кароо зарыл. Мисалы, ишкер аялдар үчүн жеңилдетилген каржылоо программасын киргизүү багытында кадам болушу кажет", — деди Бекмаганбетова.
Ошондой эле адис коомдо калыптанган гендердик стереотиптерден арылып, финансы ресурстарына жеткиликтүүлүк берүү, аялдарды бизнес жүргүзүү негиздерине окутууларды уюштурууга көңүл бурулушу зарылдыгын кошумчалады.