3-декабрга карата аба ырайы

3-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жекшембиде күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй менен Баткенде +13...+18, Талас жергесинде +11..+16, Ош, Жалал-Абад облустарында +14...+19, Ысык-Көлдө +6...+11, ал эми Нарын жергесинде +5...+10 градус жылуу болот.
Күндүн табы Бишкек менен Ош калаасында +16...+18 градуска жетет.
Пресс-борбор
Глобалдуу жылуулуктун кыргызстандыктарга тийгизген таасири айтылды