Түркиянын ири соода түйүнүнө КР компанияларынын продукциясын жеткирүү сүйлөшүлдү

Статкомдун маалыматы боюнча, тогуз айда эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 464 миллион долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 3,6 пайызга өскөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Түркияга бир катар кыргызстандык компаниянын продукциясын жеткирүү сүйлөшүлгөнүн Экономика министрлиги кабарлады.
Маалыматта Кыргызстандын Түркиядагы соода өкүлчүлүгүнүн аянтчасында министр Данияр Амангелдиевдин катышуусунда Түркиянын Happy Center ири соода түйүнүнүн ээси Явуз Алтун менен КР эскпортерлорунун жолугушуусу болуп өткөнү айтылат.
Сүйлөшүүнүн соңунда аталган соода түйүнү Кыргызстандын "Алайку Органикс", "Экопродукт Азия", "Салих ЛТД", "Риха", "Аброй групп", "Белая река", "Продимпекс", "Адал азык", Кооператив "Агромаркетинг" ЖЧКлары, "Кыргызцентрпродукт", "Атилла органик фудс", "Биоквас", "Рейнбоу траут", "ДилНурКейДжи" жана "Аталык групп" компаниялары менен бир катар меморандумга кол койгон.
Министр Амангелдиевдин айтымында, Түркия — Кыргызстандын негизги соода өнөктөшү. Статкомдун тогуз айдын жыйынтыгы менен чыккан маалыматы боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 464 миллион долларга жетип, былтыркыга салыштырмалуу 3,6 пайызга өскөн. Анын ичинде экспорт 117,7 миллион долларды түзсө, 346 миллиону импорт болуп саналат.
Кыргызстандын экспорту дээрлик 50 пайызга өскөн