...1963-жылы 1-декабрда Өзбекстандын газ чыккан Урта-Булак кенинде кырсык болгон. Ага бургулоочулардын калпыстыгы себеп болуп, жаратылыш газы түтүк сымал атылып, өрттөнө баштаган.
Жалындын бийиктиги 120 метрге жетип, суткасына 10-12 миллион куб метр көгүлтүр от күйгөн. Ага 250-300 метр аралыктан эч ким даап, жакындап бара алган эмес. Факел 1034 күн бою күйүп турган. Ар кыл жолдор менен кырсыкты ооздуктоого аракет кылышкан. Өрттү өчүргөн техника, артиллерия, жер алдындагы шахтага сууну сордуруу ыкмалары колдонулган, бирок майнап чыккан эмес.
Акыры бул "жоону" окумуштуулар атомдун жардамы менен өчүрүшкөн. Тагыраагы, жер алдындагы шахтага кубаттуулугу 30 килотонна болгон термоөзөктүк түзүлүштү түшүрүшкөн. Көптөрдү кооптондурган жалынды жарылганда ордунан козголгон жер кыртышы басып калып, 23 секунданын ичинде тып баскан.
Тема боюнча: