Көз тайгылат. Москвадагы уникалдуу көргөзмөнүн видеосу

Москвада Эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсүндө (ВДНХ) "Россия" деп аталган кызыктуу көргөзмө-форум өтүүдө. 265 миң чарчы метр жерге 130дан ашуун интерактивдүү экспозиция коюлган.
Sputnik
Бул жерден ар ким өз табитине жараша өнүккөн техникаларды көрүп, кенен маалымат алууга мүмкүнчүлүк жаралган.
Келгендер мейкиндик жана убакыт аркылуу Россия тууралуу маалымат алат. ошондой эле РФтин аймактары жөнүндө маалымат табуу кыйын эмес.
Мындан сырткары, көптөрдү кайдыгер калтырбаган AURUS кантип, эмнеден жасаларын биле алат. Ойлоп табуучулардын колунан жаралган роботтор кызыктуу экспозициялардын ордун толуктайт.