БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстанда балдар өлүмү акыркы жылдарда кыскарганы менен, жалпысынан жогору бойдон калууда. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитет "Кыргызстандын калкынын жашоо деңгээли" басылмасында билдирди.
Басылмада 2022-жылы Кыргызстанда ар кандай оору, уулануу жана жаракаттан улам бир жашка чейинки 2150 ымыркайдын чарчап калганы айтылат.
"Төрөттөн кийинки мезгилде пайда болгон оорулар наристелердин өлүмүнүн негизги себеби болуп саналат. Анын кесепетинен былтыр 1481 ымыркай чарчап калган. Бул бир жашка жетпей калган бөбөктөрдүн 68,9 пайызын түзөт", — деп билдирген Статком.
Мындан тышкары, наристелер дем алуу органдарынын оорусунан, тубаса аномалиялардан (өсүүдөгү кемчиликтер, хромосомалардын бузулушу), инфекциялык илдеттерден, жаракаттан, нерв системасынын жана тамак сиңирүү ооруларынан улам чарчап калган.
Маалыматта ошондой эле Кыргызстанда энелердин өлүмү жогору экендиги айтылган. 2022-жылы кош бойлуулук, төрөт жана андан кийинки оорулардан улам 41 аял каза тапкан.