Радио

Санитардык талапты бузган 16 коомдук тамактануучу жай биротоло жабылды

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык дарыгери Үмүт Сатыбалдиева рейддин жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
Sputnik
Борбор калаада коомдук тамактануучу жайлардын саны козу карындай көбөйүп жатат. Учурда аталган жай ээлеринин жоопкерчилиги төмөн болууда. Басымдуу бөлүгү санитардык нормалар, гигиеналык талаптар тууралуу толук билбейт. Ошондуктан коомдук тамактануучу жайлардын абалы жакшы эмес. Бул тууралуу Үмүт Сатыбалдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, талаптарга жооп бербеген 32 коомдук тамактануучу жай убактылуу жабылса, анын жарымын биротоло жабууга туура келген.
"Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти борбор калаанын төрт районунун муниципалдык администрациялары жана ички иштер бөлүмү менен биргеликте коомдук тамактануу жайларындагы санитардык нормалардын сакталышын жана укук бузууларды алдын алуу боюнча рейддик текшерүүлөрдү жүргүздү. Коомдук тамактануу ишканаларында санитардык нормаларды бузуу фактыларын аныктоого багытталган рейддик текшерүүлөр, бузуулар аныкталган жерлерде ишканалардын жетекчилерин "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин талаптары менен тааныштыруу максатында түшүндүрүү иштери жүрдү. Ошондой эле коомдук тамактануучу жайларга келгендерге жана кызматкерлерге тамеки чегүүгө тыюу салуу белгилерин коюу боюнча санитардык көрсөтмөлөр берилди. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында жүргүзүлгөн текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен санитардык талаптарды бузуу боюнча 480 токтом чыгарылып, 5 миллион 398 миӊ сом айып пул чегерилди. Ал эми тамеки боюнча 74 протокол түзүлүп, 962 миң сом айып салынды", — деди Сатыбалдиева.
Ал учурда коомдук тамактануучу жайлардын ээлеринин жоопкерчилигин жогорулатуу маселеси биринчи орунда турганын кошумчалады.