Боомго кире бериштеги каттама жасап саткан жай көчүрүлмөй болду

Сүйлөшүүгө жергиликтүү бийлик да аралашып, бир мунасага келишкени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Боом капчыгайына кире бериштеги каттама жасап саткан "Апамдын чайын" азыркы турган жеринен Ак-Мөөр тилкесин көздөй ("Муздак-Суу") көчүрүү сүйлөшүлүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
"Кыргыз темир жолу" ишканасы ал кафелер поезд жолго жакын (6 метр аралыкта) кооптуу жерде жайгашканын билдирди. Андан сырткары санитардык эрежелер сакталбай, газ баллондорду коюп, темир жолдун жанына автоунааларын токтотуп, балдары ойноп чыккан учурлар болорун айтышкан.
"Апамдын чайы" келерки жылдын 1-мартына чейин азыркы турган ордунан толугу менен көчүрүлмөкчү.
Сүйлөшүүгө жергиликтүү бийлик да аралашып, бир мунасага келишкени айтылды.
Боомдо каттама жасаган апа эми Абу-Дабидеги ашпоздорго мастер-класс өтөт