Чүйдө жол жээгинде бөтөлкөлөп май саткандарга айып салынууда. Сүрөт

2 500 тонна күйүүчү май алынып, Салык кызматына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга катуу чара көрүлүп жатканын Чүй ОИИБ ЖКККББнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Чүй облусунун аймагында жол жээгинде күйүүчү майды мыйзамсыз саткандарга катуу чара көрүлүп жатат

2 / 2

Билдирмеге караганда, жол инспекторлору жол жээгине туруп алып күйүүчү май саткандарды текшерип, жыйынтыгында Укук бузуу кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 15 жаранга 3 000 сомдон айып салган.

Билдирмеге караганда, жол инспекторлору жол жээгине туруп алып күйүүчү май саткандарды текшерип, жыйынтыгында Укук бузуу кодексинин 179-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 15 жаранга 3 000 сомдон айып салган. Ушул эле кодекстин 195-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, бир жаранга 17 500 сом айып пул чегерилген. Мындан тышкары, 2 500 тонна күйүүчү май алынып, Салык кызматына өткөрүп берилгени кошумчаланды.
Жол жээгин иретке келтирүү иштери уланып жатканы кошумчаланды.
Кыргызстанда мал союучу жайлар текшерилип, 28и жабылды