Кыргыз опера жана балет театрынын директору кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын директору Алмаз Истамбаев кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, ал театрдын балансында турган мүлктү ижарага берүүдө мамлекет үчүн пайдасыз келишимдерди түзгөн деп айыпталууда.
Истамбаевге Жазык-процесстик кодексинин 94-беренесине ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") ылайык иш козголуп, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда бул фактыга тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо жана мамлекеттик бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
Бишкектин башкы архитектору УКМКнын тергөө абагына киргизилди