"Аламүдүн" базарындагылар да митингге чыгып патентти калтырууну талап кылышууда

Базардын аймагына 200дөй ишкер чогулган. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн "Аламүдүн" базарындагы соодагерлер митингге чыгышты.
Маалым болгондой, базардын аймагына 200дөй ишкер чогулуп, 1-январдан тарта жокко чыга турган патенттик системаны калтырууну талап кылышууда.
Жерине милиция кызматкерлери келген. Акциянын катышуучуларынын бири буга чейин экономика министри менен жолугушуп көйгөйлөрүн жеткиргенин, бирок эч кандай өзгөрүү болбогонун айтууда.
Эске салсак, базардагы соодагерлердин митинги 29-ноябрда башталган. Алгач Оштогу "Кара-Суу" базарында иштегендер райондук администрациянын алдына чогулуп ККМ колдонууга каршы экендигин айтышкан. Эртеси, 30-ноябрда, "Дордой", "Мадина", "Орто-Сай" базарындагылар чогулуп патентти калтырууну талап кылышкан.
Буга чейин Экономика министрлиги "Дордой" жана "Кара-Суу" базарлары Кыргызстандагы стратегиялык маанидеги объектилерге кирерин айтып, өзгөчө зонадагы салыктык режим ушул эки базарда гана иштээрин белгилеген. Мындай зонада соода кылгандар кассалык көзөмөл машиналарды колдонуу милдетинен бошотулары, бирок жылдык соода жүгүртүүсү тууралуу декларация тапшырып, ошого жараша салык төлөй тургандыгы айтылган.
Жаңы жылдан тарта соода жүргүзүүгө берилчү патент жокко чыгарылат