Кыргызстандык клуб тарыхта биринчи жолу АФК кубогунда плей-оффко чыкты

Түркмөнстандагы оюндун экинчи таймында "Абдыш-Ата" 18 мүнөттүн аралыгында төрт гол киргизүүгө жетишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Кыргызстандын "Абдыш-Ата" клубу тарыхта биринчи жолу Азия конфедерациясы кубогунда (АФК) плей-оффко чыкты. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан кабарлашты.
Билдиремеге караганда, Кант шаарынын "Абдыш-Ата" командасы кечээ, 30-ноябрда, Түркмөнстанда талаа ээси "Алтын Асыр" менен ойногон. Биринчи таймда кыргызстандык клуб 0:2 эсебинде артта бараткан, бирок экинчи таймда "Абдыш-Ата" 18 мүнөттүн аралыгында 4 гол киргизүүгө жетишкен. Натыйжада 4:2 эсеби менен жеңип алган. Кыргызстандык клуб өз тайпасында лидер болуп, турнирдеги плей-оффко — интерзоналык жарым финалга мөөнөтүнөн мурда чыкты.
Белгилей кетсек, "Абдыш-Ата" командасы буга чейин да ийгиликке жеткен. Тагыраагы, ал Кыргызстандан АФК кубогунун тайпалык баскычына чыккан биринчи клуб болгон.
Кыргызстан жакшы коргонду. Таркович Оман менен болгон оюн тууралуу