2-декабрга карата аба ырайы

2-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз жамгыр жаабайт. Эртең менен айрым жерлерде туман түшүшү мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +9...+14, Таласта +7...+12, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +10...+15, Ысык-Көлдө +5...+10 жана Нарында +2...+7 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкек жана Ош шаарларында +12...+14 градусту көрсөтөт.
Пресс-борбор
Министрлик: Кыргызстандагы мөңгүлөр айтылгандан эртерээк эрип кетиши мүмкүн