Таштанды акысын төлөбөгөндөрдүн дарбазасына эскертүү кагаздары чапталууда. Сүрөт

Шаар тургундары менен ишкерлердин "Тазалык" ишканасына болгон карызы 185 миллион сомдон ашат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Бишкекте таштандыны чыгарып кетүү акысын төлөбөгөндөрдүн дарбазасына "Тазалык сенден башталат" деп жазылган кагаздар чапталып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Бишкекте таштандыны чыгарып кетүү акысын төлөбөгөндөрдүн дарбазасына "Тазалык сенден башталат" деп жазылган кагаздар чапталып жатканын мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Билдирмеге караганда, рейдди "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп, карызы барлардын дарбазаларына эскертүү кагаздарын чапташкан

Билдирмеге караганда, рейдди "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери жүргүзүп, карызы барлардын дарбазаларына эскертүү кагаздарын чапташкан.
"Мындай ыкма менен 120 жарандан 181 миң 153 сом карыз чогултулду. Акция карызы барлардын жоопкерчилигин жогорулатуу аракетинде өткөрүлүп жатат. Рейд жума сайын болот. Шаар тургундары менен ишкерлердин "Тазалык" ишканасына болгон карызы 185 миллион сомдон ашты", —деп айтылат маалыматта.
"Тазалык" ишканасы тажрыйбалуу айдоочуларды ишке чакырат