Ташиев: кыргыз-тажик чек арасында контрабанда кайра жанданды

Төрага коррупциялык иштерге катыштыгы бар судьяларга жана сот системасынын өзүндөгү паракорчулукка каршы күрөшүү боюнча айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларында контрабанда кайра жандангандыктан бийлик жана укук коргоо органдарынын жетекчилери аны токтотуу үчүн иш-чараларды күчөтүшү зарыл. Бул туурасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаарында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сүйлөп жатканда айтты.
"Ташиев республикадагы кырдаалдын үчүнчү терс көрүнүшү катары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында аткезчилик кайра жанданганын кошумчалады. Буга байланыштуу мамлекеттик бийликтин жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине Баткен облусунун аймагындагы аткезчиликти толугу менен токтотууга багытталган комплекстүү иш-чараларды күчөтүүнү айтты", — деп билдирди маалымат кызматы.
Ал улуттук коопсуздук органдарынын дагы бир приоритеттүү милдети коррупциялык иштерге активдүү катыштыгы бар фемида өкүлдөрүнө жана сот системасынын өзүндөгү паракорчулукка каршы активдүү күрөш жүргүзүү зарылдыгын белгилеген.
Ташиев сойкуканаларды жабууга тапшырма берди. Мөөнөтү