Садыр Жапаров Бириккен Араб Эмирлигине аттанды. Кимдер коштоп кетти

Кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапар менен Бириккен Араб Эмирликтерине жөнөп кеткенин анын маалымат кызматынан кабарлашты.
Сапардын алкагында ал Дубай шаарында өтө турган БУУнун Климаттын өзгөрүшү жөнүндө алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментине катышат.
Президентти коштоп кеткен кыргызстандык делегациянын курамы:
тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев;
жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
энергетика министри Таалайбек Ибраев;
финансы министри Алмаз Бакетаев;
экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
Президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.
Буга дейре Азымбакиев 12-декабрга чейин созула турган кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулай турганын билдирген. Алардын глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташарын кошумчалаган.
Уникалдуу геосаясий позициядабыз. С. Жапаров Бакудагы саммитте сүйлөдү