Президент Садыр Жапаровду Дубай кантип тосуп алды? Видео

Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-ноябрда, иш сапары менен Дубай шаарына (Бириккен Араб Эмирлиги) барып түшкөнүн анын маалымат кызматы кабарлады.
Мамлекет башчынын борту "Аль-Мактум" эл аралык аэропортуна конгон.
Президентти БАЭнин энергетика жана инфраструктура министри Сухэйл аль Мазруэй тосуп алган.
Эскерте кетсек, Жапаров БУУнун климаттын өзгөрүшү боюнча Алкактык конвенциясынын тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги сегментине катышат. Андан сырткары аталган иш-чаранын пленардык отурумунда сөз сүйлөмөкчү.
Мурдараак 12-декабрга чейин созула турган кезектеги Климаттык конференцияга дүйнө жүзү боюнча лидерлер чогулуп, климаттын өзгөрүшүнө каршы Париж келишимин ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулай турганы айтылган. Алардын глобалдык жылуулукту чектөө боюнча мындан аркы кадамдарды аныкташарын кошумчаланган.
Уникалдуу геосаясий позициядабыз. С. Жапаров Бакудагы саммитте сүйлөдү