БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Баткен жана Ош окуяларындагы чек ара кагылыштарында жабыркагандарга жөлөк пул жогорулатылганын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
2021-жылдын апрель айында Баткен облусундагы, 2022-жылдын сентябрь айында Баткен жана Ош облустарындагы чек ара кагылыштарында курман болгондордун жакындарына жана чек ара чырынан жабыркагандарга жөлөк пул 3 700 сомдон 5 500 сомго көбөйтүлдү.
Ай сайын кошумча социалдык жөлөк пул алчулар:
кагылышта курман болгон адамдардын 18 жашка толо элек балдары;
курман болгондордун пенсия курагындагы ата-энелери (жалгыз баласы болсо);
кагылыштан жабыркап, майып болгондор.
Эске салсак, Кыргызстан 2021-жылдын апрель айында, андан кийин 2022-жылдын сентябрь айында оор сыноолорду башынан кечирген. Тагыраагы, кыргыз-тажик чек арасында чечилбеген көйгөйдөн улам чыр чыгып, 99 жаран курман болуп, 500гө чукул адам ар кандай жаракаттарды алышкан.