Ноокенде миң адам иштей турган текстиль фабрикасы курулмакчы

Инвестор катары Өзбекстандан эки компания келип, келишимге кол коюлду.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ноокен районунун Арал айылында ири текстиль фабрикасы куруларын президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган багытта Ноокендин акимчилиги, Өзбекстандын эки компаниясынын ортосунда үч тараптуу келишимге кол коюлду.
"Долбоордо фабриканын курулушун быйыл декабрда баштап, 2024-жылдын соңуна чейин аяктоо пландалган. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 20 гектар жер бөлүп берилген. Курулуштун жалпы наркы 31 миллион долларды түзүп, миңден ашуун жумуш орундарын түзүү каралган. Бул фабрикада пахтадан кездеме жана даяр продукция өндүрүүгө чейинки шарттар түзүлөт", — деп айтылат маалыматта.
Инвесторлор менен облус башчысы Абсаттар Сыргабаев жолугуп, Жалал-Абаддагы бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча да сүйлөшкөн.
Бабанов Талас облусунда айыл өкмөтү үчүн имарат куруп берди. Сүрөт