Sputnik Кыргызстан агенттигинде Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова болду. Адис эмнеге күз мезгилинде психикалык жактан жабыркагандар көбөйөрүн түшүндүрүп берди.
Республикалык психикалык ден соолук жана наркология борборунун психиатры Алтынай Сыдыкбекова
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Күзүндө психикалык өзгөрүүлөр күчөшү мүмкүн. Ал адамдын психикалык саламаттыгына кандай таасир этет?
— Бул татаал суроо. Күзүндө психикалык жабыркоо аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болот. Температуранын төмөндөшү, жаан-чачын, окуунун башталышы, жумуштун көбөйүшү, күндүн кыскарышы сыяктуу олуттуу өзгөрүүлөр болот. Мезгилдин алмашуусу психикага жана дененин химиялык балансына, анын ичинде маанай жана эмоциялар үчүн жооптуу болгон серотонин сыяктуу нейротрансмиттердин деңгээлине таасир этет.
— Психикалык дарт менен жабыркагандар барган сайын арбып баратканы айтылат. Жалпы статистика кандай?
— Дүйнө жүзүндө 8 миллиард адамдын ичинен 1 миллиарды психикалык оору менен жабыркайт. Кыргызстанда психикалык жактан ооруган жалпы 51207 адам каттоодо турат. Каттоодо жок, жөн гана консультацияга келип тургандар бар. Аялдарга караганда психикалык жактан жабыркаган эркектер арбын. Балдардын саны беш миңден ашат. Өспүрүмдөр 1 867ни түзөт. Ал эми ар бир төртүнчү жаран депрессияга чалдыгат. Башкача айтканда, дүйнөдөгү 280 миллион адамда ушундай абал кездешет. Бул да чоң цифра. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму келечекте психикалык оорулар биринчи орунга чыгарын айтууда. Андан кийин жүрөк менен онкология дартын белгилеп жатышат.
— Психикалык оорулардын жеңил түрүнө, депрессияга, стресске чалдыккандарды көп укчу болдук. Негизи кайсы түрү менен жабыркагандар басымдуулук кылат?
— Психологиялык оорулар жеңил, орто жана оор болуп бөлүнөт. Жеңил түрү — невроз. Ал функционалдык бузулуу болуп эсептелинет. Бирок муну деле дарылоо керек. Болбосо акырындан күчөй берет. Ал эми орточо түрү кээде күчөп психозго чейин жетет. Тубаса, тукум кууган психоневрологиялык оорулар "оор" деп эсептелет. Стресс болуп, көңүлү ачылбай, ыйлагысы келип, алы кете берсе жеңил психологиялык оору дейбиз. Ал эми суицидге жетип калган адамды сөзсүз ооруканага жаткыруу кажет. Жашоодо туугандар арасында келишпестиктер, түшүнбөөчүлүк ушундай абалга түртүп жатат. Учурда психологдор абдан керектүү адиске айланды. Муну олуттуу карабай, кайрылбай жүрө беребиз. Психологдор психикалык ооруларды дарылабайт. Бирок келишпестиктерди чечип берүүгө жардамдашат, адамды уга билет. Адам психолог менен баарлашуу аркылуу гана өз дартын табат. Молдолорду да окуттук. Алар да психоз, невроз тууралуу түшүнүк алышты. Кайрылган жарандарда ушул оорулардын белгилери байкалса, дароо бизге жиберишет. Анткени айылдарда эл алгач молдолорго кайрылат эмеспи.
Негизи келип-кетип, убактысы менен дарылангандар бар. Ошондой эле түшкө чейин дарыланып, түштөн кийин үйүнө кете бере тургандай стационардык эмдөө түрлөрүн да колдонобуз. Ал эми акыбалы оор болсо ооруканага жаткырабыз. Аймактарда ооруканаларыбыз, кабинеттерибиз бар. Оорунун түрүнө жараша адис дарылоонун жолдорун аныктайт.
Алтынай Сыдыкбекова: негизи келип-кетип, убактысы менен дарылангандар бар. Ошондой эле түшкө чейин дарыланып, түштөн кийин үйүнө кете бере тургандай стационардык эмдөө түрлөрүн да колдонобуз.
© Sputnik / Алексей Даничев
/ — Каттоодо турган бейтаптардын сакайып кетүүсү кандай болуп жатат?
— Жеңил оорулар толук дарыланса кайра кайталанбайт. Алар дары ичсе эле сакайганын сезет. Ал эми орто деңгээлдеги илдетке кабылгандар убагы менен дарыгерге кайрылып, препараттарын алып турушу зарыл. Ансыз болбойт. Жаш кезинде жаракат алганда, эсин жоготкондо же инсульттан кийин мээ жабыркай берет. Убагы менен дарыланбаса ал барган сайын күчөп, мүнөзү өзгөрүп, психозго айланат. Кээде көзүнө ар нерсе көрүнүшү мүмкүн.
— Психологиялык ооруларга кабылып калбоо үчүн өзүбүзгө кандай кам көрүүбүз кажет?
— Эч бир адам "100 пайыз ден соолугум мыкты, психикалык жактан тазамын" деп кепилдик бере албайт. Күндүр-түндүр тынымы жок иштей берүүгө болбойт. Убагы менен эс алып туруу керек. Дем алуу маанилүү. Бизге "өнөкөт чарчоо" синдрому менен да келишет. Негизи сапаттуу уйку жана үзгүлтүксүз сейилдөө күзгү апатия, терс маанай менен күрөшүүгө жардам берет. Айрымдар кечке үйдө эле отурат. Сыртка чыгып, таза абада эс алышпайт, жаратылышка чыкпайт. Анан да организм чарчабаса уйку кайдан келсин. Кичине кыймыл-аракет жасоо керек. Жөө басып, эртең менен көнүгүү жасоо булчуңдарга пайда. Уктаарга жакын 1-1,5 саат телефон кармоого болбойт. Жарыкты өчүрүп, жымжырттыкта уктоо кажет. Түрдөп тамактанып, витаминдерди жеш керек.
— Коркунучтуу кинолорду көрүп, түрдүү оюндарды ойногонду жакшы көргөндөр бар. Бул да психикага таасир этеби?
— Албетте, таасир этет. Өзүн мажбурлап стресске түртүп, коркунучтуу кино көрө берүү психикалык жактан жараат алууну шарттайт. Бир күнү күтүүсүздөн бир нерсе болуп чочуп кетсе неврозго чалдыгат. Позитивдүү эмоциялар менен негативдүү эмоцияларды аралаштыруу керек. Өзүбүздү руханий жактан жакшы нерселер менен сугарбасак, дайыма негатив менен жүргөн адам оорукчан болуп калат.