Рак оорусуна чалдыгуу коркунучун азайткан жашылча аталды

Бул жашылчанын курамында бетаин болгондуктан организмде темирдин көлөмүн көтөрүп, жүрөктү жакшы иштетип, ашыкча салмактан арылууга көмөк көрсөтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Дарыгер Александр Мясников кайсы жашылча рак оорусуна чалдыгуу коркунучун азайта турганын айтып, анын пайдалуу касиеттерине токтолгон. Адистин кеңеши РИА Новостиге жарыяланды.
Медиктин айтымында, рак илдетин алдын алууга жардам берген өсүмдүктөрдүн бири — кызылча. Анын курамында бетаин болгондуктан организмде темирдин көлөмүн көтөрүп, жүрөктү жакшы иштетип, ашыкча салмактан арылууга көмөк көрсөтөт.
"Клиникалык изилдөөлөр бетаин күч-кубатты жогорулатууга, булчуң массасын көбөйтүүгө жана майды азайтууга жардам берерин көрсөттү. Ошондой эле бетаиндин негизинде дене бойду жакшыртуучу дарылар жасалат", — деген Мясников
Дарыгер бул жашылчаны бышырбай салат же башка азыктарга кошуп колдонуу керектигин сунуштаган. Бышырган учурда ал пайдалуу касиеттерин жоготуп коет. Кызылча бөйрөгүндө ташы бар же бөйрөгү ооругандарга сунушталбай турганын эскерткен.
Жатын рагын алдын алуу үчүн Бишкекте бир айлык жарыяланды