Депутаттар Кыргызстандагы убакытты бир саат артка жылдырууну сунушташты

Өлкөдө 1924-жылдан бери убакыт 6 жолу жылдырылып, соңку ирет 2005-жылы өзгөртүлгөнү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Парламенте убакытты бир саат артка жылдыруу маселеси көтөрүлдү.
Мындай сунушту депутаттар Миргүл Темирбаева менен Сүйүн Өмүрзаков айтты.
1 / 2

Миргүл Темирбаева

2 / 2

Сүйүн Өмүрзаков

Темирбаева муну менен элдин психикалык саламаттыгын сактап, жаш балдарды таң эрте мектепке жана бала бакчага алып барууда бир катар түйшүктөн арылса болорун белгиледи. Ошондой эле электр энергиясы үнөмдөлүп, өлкө экономикасына аз болсо да салым кошулат деп эсептейт.
Ал Кыргызстанда 1924-жылдан бери убакыт алты жолу, соңку ирет 2005-жылы жылдырылганын эске салды.
"Учурда бизде расмий убакыт менен күндүн жергиликтүү орточо убактысынын ортосундагы айырмачылык 44 мүнөттү түзөт. Бул жөнөкөй көрүнгөнү менен өзгөчө көңүл бурууга татыктуу маселе. Балдарыбызды таң эрте бала бакчага жөнөтөбүз, өзүбүз да дайыма шашылып жүрөбүз, стресске кабылган учурлар болот. Биз эмнегедир Өзбекстан менен Тажикстандан бир саат алдыдабыз", — деди Темирбаев.
Эл өкүлү төрагадан сунушту карап чыгууга министрлер кабинетине протоколдук тапшырма берүүнү суранды.
Ал эми Сүйүн Өмүрзаков бул маселе боюнча Баткендин тургундары Нурали Койлубаев менен Адылбек Акматов спикерге кат менен кайрылганын билдирди. Алар 2005-жылы жазында убакыт табигый ченемден бир саат алдыга жылдырылып, кайра ордуна келбей калганын айтышкан.
2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Эмгек министрлигинин сунушу