Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 5 медаль жеңди

Олимпиадага окуучулар аралыктан катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык окуучулар информатика боюнча эл аралык олимпиадада 5 медаль жеңди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өспүрүмдөр арасында XVI Балкан олимпиадасы 25-28-ноябрда Түндүк Македониянын Струмица шаарында өткөн. Ага окуучулар аралыктан катышып, жыйынтыгында эки күмүш, эки коло медаль алышты.
Жеңүүчүлөр:
Алихан Айдарбеков, Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы лицейинин 10-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Ян Бобрус, Бишкектеги "Газпром" мектебинин 8-классынын окуучусу — күмүш медаль;
Абдулазиз Лебиев, Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
Айпери Акжолтоева, Зияш Бектенов атындагы Ысык-Көл кыздар лицейинин 10-классынын окуучусу – коло медаль.
Ошондой эле Словениянын Марибор шаарында өткөн информатика боюнча XXX Балкан олимпиадасында кыргызстандык окуучу Исхак Тажибаев коло медаль тагынган. Ал Чүй облусундагы "Кут Билим" окуу-тарбия комплексинде 10-класста окуйт.
Акылбек Жапаров балдарды олимпиадага даярдаган мугалимге 7 миң доллар тапшырды