Алматыдагы хостелдин өрттөнүшү. Жапаров Казакстандын президентине көңүл айтты

Шаардагы хостелден өрт чыгып, анын кесепетинен 13 киши көз жумган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Казакстандын мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаевге Алматы шаарындагы мейманканада чыккан өрттөн улам адамдардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады.
"Суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кырсыктын кесепетинен каза болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Жабыркагандардын тез сакайып кетишин каалайм", – деп айтылат телеграммада.
Өрт 30-ноябрда үч кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүнөн чыккан.
Анын биринчи кабаты менен жер төлөсү хостел катары пайдаланылып келген. Кырсык болгон учурда 72 адам болгон.
Алдын ала маалымат боюнча, адамдар иске ууланган.
Балыкчыда унаанын ичиндеги фейерверктер жарылып, бир адам каза болду. Видео