2024-жылы кыргызстандыктар кайсы күндөрү эс алат? Эмгек министрлигинин сунушу

Жаңы жылда кыргызстандыктар жети күн катары менен эс алышы ыктымал.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2024-жылы кыш, жаз мезгилдеринде кыргызстандыктар кайсы күндөрү катары менен эс алышы мүмкүн экенин айтты.
Ага ылайык, министрлик 1-7-январды эс алуу күнү деп жарыялоону сунуштап жатат. Эгер бул сунушту министрлер кабинети жактырса, анда жаңы жылдык каникул бир жумага созулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, кыргызстандыктар 2024-жылдын март айында төрт күн, май айында беш күн катары менен эс алышы ыктымал.
Мартта Нооруз майрамына байланыштуу 21-24-март эс алуу күндөрү болот. 22-марттын ордуна 8-апрелде иштөө сунушталып жатат. 7-апрель (Элдик революция күнү) дем алыш болгондуктан, 8-апрель эс алуу күнү болушу керек эле. Бирок ал күндү 22-марттын ордуна иштеп коюу сунушталууда.
Май айындагы каникул 1-майдан 5-майга чейин созулат. Бирок бул эс алуу күндөрү да башка күндөргө жылдырылат. 5-май (Конституция күнү) жекшембиге туура келгендиктен, 6-майда кыргызстандыктар эс алмак. Бирок ал күндү 2-майдын ордуна иш күн кылуу сунушталып жатат.
11-май (ишемби) 3-майдын ордуна иш күнү болушу ыктымал.
Радио
Дарыгер: эс албай иштөө ден соолук үчүн кооптуу