Кыргызстан ЕАЭБде маянанын өсүү темпи жогору турган өлкөлөрдүн бири болду

Экономика министрлиги буга чейин өлкөдөгү орточо эмгек акы 32 123 сомго жеткенин кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Ушул жылдын январь-сентябрь айларындагы маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө эмгек акы жогорулады. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.
Кеп орточо номиналдык эмгек акы жана реалдуусу (товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө керектөө бааларынын индексине туураланган) жөнүндө болуп жатат.
Орточо айлыктын эң жогорку өсүү темпи Арменияда (13,4 пайыз), Кыргызстанда (10,7 пайыз) жана Беларуста (10,1 пайыз) байкалган", — деп айтылат маалыматта.
Экономика министрлиги буга чейин өлкөдөгү орточо эмгек акы 32 123 сомго жеткенин кабарлаган.
ЕАЭБ рыногунда өзбекстандык продукция Кыргызстандыкы менен атаандаша алабы?